Ош шаарында жалпы ишембиликте 1800 кубдан ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
9-апрелде Ош шаарында массалык ишембилик өткөн. Шаардын аймагын тазалоого бардык мекеме-ишканалардын, муниципалдык кызматтардын эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин, анын ичинде жогорку окуу жайлардын жана бала бакчалардын кызматкерлери, жалпы тургундар активдүү катышты.
Ишембиликтин алкагында айлананы таштандылардан арылтуу, бак-дарактарды актоо, мекеме-ишканалардын фасаддарын жуу жана сырдоо, тротуарларды жана арыктарды тазалоо иштери жүрдү.
“Ош-Тазалык” ишканасынан билдиришкендей, таштанды таштоочу жайга 1800 метр кубдан ашык таштанды чыгарылды.