Өткөн жума Алай районунун Гүлчө айылында партиянын үгүт ишине мектеп окуучулары аралашып, аныгыраагы келгендерди тосуп алып жаткан тасма интернетте таркаган.
Социалдык тарамактарда чуу жараткан бул тасмага мамлекеттик органдар кандай чара көрүп жатканын Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы ачыктыды.
- Ага ылайык, Алай райондук мамлекеттик администрациясы Ж.Раимкулов атындагы №67-кесиптик лицейинин директору Ж.Мурзалиевге саясий партиялардын үгүт иштерине катышуусуна жол бергендиги жана аларга жетиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн тартиптик чара колдонуп берүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдогон.
- Ошондой эле №2 Т.Отунчиев атындагы мектеп гимназиясынын директору Раимкулова Гулмира Атантаевнага Алай райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 12 буйругу менен сөгүш жарыяланган.
- Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев өз каалоосу менен берген арызына ылайык кызматтан кеткен.