Кыргызстанда сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерге жардам көрсөтүүчү борбор түзүлөт.
Маалыматка караганда, өкмөттүн алдындагы Гендердик өнүгүү улуттук кеңешинин жыйыны өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төрагалык кылган.
Жыйындын жүрүшүндө аялдарга каршы жасалган резонанстуу зомбулук учурлары талкууланып, кыз-келиндердин зомбулукка кабылышына каршы өткөрүлө турган кампаниянын иш-чаралар планы бекитилди. Өнөктүк 25-ноябрда старт алат.
Соңунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине министрлер кабинетинин Бишкекте сексуалдык жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерге жардам көрсөтүү боюнча борбор ачуу чечиминин долбоорун даярдоо тапшырылды.