Бүгүн Бишкекте Россия Федерациясынан гранттык негизде келген 40 өрт өчүрүүчү унааны расмий кабыл алуу аземи өттү.
Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков жардам иретинде берилип жаткан техникалар Кыргызстандын тоолуу жана татаал аймактарында иштөөгө ылайыкталып жасалып, бардык шаймандар менен камсыздалганын билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев россиялык кесиптештерине терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы кадамдар жалпы элдин коопсуздугун сактоодо, коргоого бирге болорун баса белгиледи.
Ал эми өлкөгө алынып келген 40 өрт өчүрүүчү унаа Россиянын «Варгиши» ишканасынан өндүрүлгөн. “КамАЗ – 43118” үлгүсүндөгү унааларга 6 тонна суу, 360 литр көбүк батып, секундасына 40 литр суу бере алат. Унаада өрттүн масштабына жараша сууну берүүгө ылайыкталган түрдүү диаметрдеги суу жеңчеси, сууну гидрант жана арыктардан алуучу гидроэлеватор жана куткаруу ишине керектүү бардык шаймандар менен жабдылган. Мындан сырткары түрдүү узундуктагы 3 шаты менен жабдылып, татаал климаттык шарттардагы айыл жергесинде, тоолуу аймактарда өрт менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет.