7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Селмаш» стадиону жана бассейни мамлекеттин балансына кайтарылды

237

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жеке менчикке мыйзамсыз берилген кыймылсыз мүлк объекттерин кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө М.В. Фрунзе атындагы  мурда айыл чарба машина куруу заводуна тиешелүү болгон стадиондун жана бассейндин аймагын мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталган.

Белгилей кетсек, стадион менен бассейн бир убакта Фучик атындагы парктын аймагына таандык болуп, социалдык объектилердин статусуна ээ болгон, ал эми аларды М.Фрунзе атындагы заводдун жумушчулары пайдаланып келишкен, ошондуктан «Сельмаш» деп аталган. Заводдун аймагындагы объекттерди менчиктештирүүнүн жүрүшүндө Фрунзе атындагы заводдун жеке адамдары, кызмат адамдары менен тил табышып, стадионго жана бассейнге жеке менчик укугун тастыктаган документтерди алышкан.

Бул факт боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти «Сельмаш» стадионуна карата жасалган аракеттерди жараксыз деп табуу боюнча сот органдарына доо арыз менен кайрылган.

Ленин райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечими менен белгиленген аймак Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлдү. Ошентип, жалпы аянты 3,6 га болгон 1 084 248 000 (бир миллиард сексен төрт миллион эки жүз кырк сегиз миң) сомдук объекттер мамлекетке кайтарылды.

Мындан ары кайтарылган социалдык объекттер Бишкек шаарынын тургундарынын жана борбордун конокторунун кызыкчылыгында гана пайдаланылат.

 

 

238