7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Семичкенин ичине салынган белгисиз өсүмдүктүн уругун жаран милицияга өткөрүп берди

407

30-апрель күнү  Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге 1995-жылы туулган А.А., аттуу жаран өз ыктыяры менен 11 даана белгисиз өсүмдүктүн уругун өткөрүп берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Анда 30-апрель күнү саат 11:00 чамасында “А” аттуу жаран Бириккен Араб Эмирликтеринин бир шаарына “А” аттуу жаран тосуп алат деп семечканын пакеттеринин ичине салып жөнөтмө (посылка) катары  жеткирип берүүнү суранганын билдирген.

Териштирүүнүн жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну 1983-жылы туулган А.А., аныкталып, сурак берүү учурунда анын көрсөтмөсү боюнча 11 даана кара-куурай уругун 2 жума мурун интернет соцтармагы аркылуу сатып алып,  аны чет өлкөнүн бир шаарына мигрант болуп эмгектенген классташ баласы А.А., аттуунун суранганы боюнча жашыруун түрдө семечканын ичине салып жибергенин  көрсөткөн.

Учурда аталган факт боюнча ар-тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп, алынган затты аныктоого соттук химиялык-экспертиза дайындалган.

 

408