7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сентябрдан тарта мугалимдердин айлыгы азаябы? Министрликтин жообу

1924

Быйылкы жылдын сентябрь айында деле мугалимдер жогорулатылган айлык акы алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, педагогикалык персоналдын эмгек акысы 80 пайызга, административдик-башкаруучу персоналдын эмгек акысы 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылган.

«Министрлер кабинетинин жогоруда көрсөтүлгөн токтому менен жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгегине акы төлөө шарттары ставкага (оклад) өткөрүлдү, ошондой эле тарифтик ставканы (оклад) эсептөө үчүн негиз болуп саналган эң төмөнкү базалык ставка белгиленди.

Ошону менен бирге, тарифтик ставка (оклад) эң төмөнкү базалык ставканын өлчөмүн окладга жана ставкаларга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелерин билдиребиз.

Жогоруда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып мугалимдин эмгек акысы азыркы деңгээлинде сакталарын белгилейбиз.

Быйылкы жылдын сентябрында мугалимдердин айлык маянасы азайтылат деген маалымат чындыкка дал келбейт»,-деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1925