7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Серепчи: Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө тынчсызданууга себеп жок

19

Токтогул ГЭСиндеги суунун деңгээлинин төмөндөшү азырынча күз-кыш мезгилинен өтүүгө коркунуч туудурбайт. Бул тууралуу Аналитик жана эколог Бактыбек Саипбаев «Кабар» агенттигине берген комментарийинде айткан.

Анын айтымында, келечекте бүткүл Борбор Азия өлкөлөрүнө таасирин тийгизе турган системалык кризиске алып келиши мүмкүн болгон кооптуу тенденциялар бар.

«Токтогул суу сактагычында суунун мурунку жылдарга караганда аздыгы мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени бир нече жылдан бери биз суу тартыш мезгилди баштан кечирип жатабыз, ошол эле учурда электр энергиясын керектөө тездик менен өсүүдө. Мындай кырдаалда суу-энергетикалык балансты сактоо абдан татаал болуп калат. Мындан тышкары, вегетация мезгилинде жана жайкысын айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн Казакстан менен Өзбекстандын алдында сууну өткөрүп берүү боюнча милдеттенмелерибиз бар экенин эске салам.

Азырынча эч кандай кооптуу жагдай жок, Токтогул суу сактагычында кышкы мезгилден өтүү үчүн суунун деңгээли жетиштүү. Эгерде региондо суунун аздыгы улана берсе, кырдаал олуттуу кризиске айланып кетиши мүмкүн. Бир катар эл аралык эксперттердин божомолуна ылайык, Борбор Азия узакка созулган кургакчылык мезгилине дуушар болушу мүмкүн.

Биз суук мезгилде Токтогул ГЭСинен сууну агызууну минималдуу деңгээлге жеткиришибиз керек. Бул жагынан алганда, чакан энергетика биздин бардык көйгөйлөрүбүздү чечпейт, анын кышкы мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү. Күн станциялары тумандуу аба ырайында аз натыйжа берет, ал эми шамал парктары дайыма эле туруктуу эмес жана алар да аба ырайына көз каранды.

Ошондуктан республиканын жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин жанына кубаттуу Жылуулук электр борборунун курулушун баштап жатканы абдан туура. Бул станция керектөөнүн кескин өсүшү менен иштелип чыккан кубаттуулуктун ортосундагы ажырымды кыскартууга мүмкүндүк берет деп ишенем. Ошол эле учурда, бир нече жылдын ичинде дефицит маселесин чечүү менен бирге, экономиканын жогорку өнүгүү темпин сактап калуу үчүн зарыл болгон энергиянын чоң көлөмүн иштеп чыгууга запасыбыз болбой турганын баса белгилегим келет.

Бул жагынан алганда, суутек жана атомдук энергетикага байланыштуу бардык иштеп чыгууларды жана долбоорлорду актуалдаштырууга убакыт келди деп эсептейм. Бул булактар жаратылыш факторлоруна көз каранды эмес, олуттуу кубаттуулук берет жана суук мезгилде Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдүү пайдаланууга шарт түзөт.

Бизде Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору бар, курулуш аянтында иштер жүрүп жатат. Бирок, бул ойду ишке ашыруу 10 жылга чейин созулушу мүмкүн. Бизде мынчалык көп убакыт жок болуп калышы ыктымал», — деп белгиледи Бактыбек Саипбаев.

19