Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Интернационал айылында жаңы спорт комплекси пайдаланууга берилди. Кысыл тасмасы салтанаттуу кесилип, жаштар үчүн эшигин ачты.
Салтанаттуу иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров да катышып, президент буга чейин социалдык объектилерди куруунун көлөмүн бир кыйла көбөйтүү милдетин койгонун айтты.
«Спорт – бул ден соолук. Билимдүү, спорт менен алектенип, сергек жашоо мүнөзүн күткөн жаштар — биздин келечегибиз. Бүгүн биз жаңы спорт комплексин ачып жатабыз, анын курулушуна республикалык бюджеттен 26 млн сом бөлүнгөн. Заманбап талаптарга жооп берген бул спорт зал айыл тургундарына мыкты пайда алып келүүсүн каалайм. Спорт комплекси айыл тургундарынын спорт менен машыгуусуна жана ден соолуктарын чыңдоосуна жакшы шарттарды түзөт», — деди Акылбек Жапаров.
Ал жаш спортчуларга бийик жеңиштерге жетишүүдө зор ийгиликтерди каалады. Белгилей кетсек, эки кабаттуу спорт комплексинде 3 спорт зал, душ жана жеке буюмдарды сактоочу бөлмөлөр бар.
Жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Интернационал жана Бозбармак айылдарындагы тышкы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Акылбек Жапаров узундугу 38,4 чакырымды түзгөн объектидеги курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жыйынтыктоону тапшырды.