Кечээ, 11-декабрь УКМКнын маалымат кызматы түрк жаранын уурдап, опузалап акча талап кылууга шектелип 4 жаран кармалганын, анын бирөө милиция кызматкери экендигин кабарлаган.
Түркиялык ишкерди уурдоого шектелип бир катар кызматкерлер кармалышты
Кармалгандардын арасында интернет айдыңында активист Сезимай Жунусова да бар болуп чыкты (паспорттогу аты Бегимай, УКМК Ж.Б. деп көрсөткөн).
СЕЗИМАЙ ЖУНУСОВА спорттук «Top.kg» сайтынын түштүктөгү кабарчысы катары да бегилүү.
Ал негизинен Ош шаарында жашайт. Айдын башында спорт тармагында жыл мыктыларын аныктаган, «Sport Awards 2021» иш чарасына катышуу үчүн Бишкек шаарына келген.
Жакындарынын маалыматына ылайык, ага алысыраак таанышы чалып, карызга берген акчасын өндүрө албай жаткандыгын, милицияда таанышы болсо, тааныштрып коюусун өтүнгөн.
«Сезимайдын ал жарандардын ниети кандай экендигинен кабары болгон эмес. Ал болгону тааныштрып койгон»-дешет.
Жасалган кылмышка Сезимайдын мындан башка катышы далилденбегенин УКМК да тастыктайт. Бирок, тааныштарынын кылмыштуу аракетинен кабары болгон деген күмөн жокко чыкмайынча убактылуу кармоочу жайда калаарын УКМКдан билдирди.
Бул арада, Фейсбук чөйрөсүндө Сезимай Жунусованы тааныган белгилүү саясатчы, мамлекеттик ишмер жана журналисттер анын бул ишке катышы жок болгондугуна кепилдик берип, батыраак акталып чыгуусун талап кылууда.