Шаардык кеңештерге катыша турган партиялардын документтерин кабыл алуу 1-март түнү саат 23:59да аяктады.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы билдиргендей, тиешелүү документтери менен арыздарын 27 партия тапшырды:
- «Кыргызстандын жашылдар» партиясы
- «Ыйман Нуру»
- «Бүтүн Кыргызстан»
- «Улуу Журт»
- «Социал-демократтар»
- «Патриот»
- «Кыргызстандын элдик демократиялык» партиясы
- «Шайлоо эркиндиги»
- «Ишеним»
- «Кыргызстан коммунисттер» партиясы
- «Ынтымак»
- «Замандаш»
- «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясы
- «Реформа»
- «Биздин эл»
- «Ак Бата»
- «Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары» партиясы
- «Улутман»
- «Кыргызстан»
- «Тынчтык»
- «Айкөл Кыргызстан»
- «Республика»
- «Элдик партия»
- «Элдик бийлик»
- «Кыргызстан» социалисттик партиясы
- «Ата-Журт Кыргызстан»
- НДПК
Ал эми Ош шаарында керектүү документтерин 10 партия тапшырган:
- «Тилектештик»
- «Бүтүн Кыргызстан»
- «Бир Бол»
- «Ынтымак»
- «Ыйман нуру»
- «Улуттар биримдиги»
- «Улуу Журт»
- «Ишеним»
- «Республика»
- «Ата Журт Кыргызстан»
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 28 шаарда жана 420 айылдык кеңеште болот.