7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шаарыбыздын көркү болгон сейил бактар

677

Сейил бактар – бул адамдар бош убактысын өткөрө турган, коопсуз чөйрөдө бири-бири менен жакындан таанышып, шаардын ызы-чуусунан эс алып, жаратылыштан ырахат ала турган жер. Сейил бактар абанын сапатын жакшыртууга көмөктөшөт. Күндүн аптабынан жашынып, балдар менен сейилдеп, отургучтарда китеп окуп же жолугушуу өткөрө турган борбор калаадагы сейил бактар тууралуу айтып беребиз.

1.Эркиндик бульвары советтик мамлекеттик ишмер, революционер Феликс Дзержинскийдин ысмын алып жүргөн. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Эркиндик бульвары деп аталып калган. Анда беседкалар, отургучтар жана оюн аянтчалар жайгашкан.

2. Борбордун тургундары ысыктын аптабынан качып, Ата- Түрк сейил багында (мурдагы достук паркы) сейилдесе болот. Көптөгөн аллеялардан турат дагы отургучтар орун алган. 58 фонтандан турган фонтан аллеясы бар, алардын эң чоңу 10 метр. Балдар үчүн ар кандай аттракциондор жайгашкан.

3. 6-кичи районунда жайгашкан эки сейил бак бар. Алар жаңгак жана кайың бактары. Жыш бак-дарактар ​​менен курчалып, отургучтар орун алган. Спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк бар жана дагы оюн аянтчасы жайгашкан.

4.Ботаникалык бакчанын баштапкы аянты 170 гектарды түзөт, бирок бүгүнкү күндө шаардыктар 36 гектар да гана сейилдей алышат. Жарандык активисттер аёосуз курулуп жаткан ботаникалык бактын аймагын коргоо үчүн болгон аракетин жумшап келишет. Бул жакта спорттук жана башка ар кандай иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат. Эртең менен кечинде чуркоо, сейилдөө же велосипед, ролик, скутер тебүүгө жакшы шарттар түзүлгөн.

5. Карагай багы. Жайдын ысык аптабында борбордун түндүк бөлүгүнүн тургундары Карагачева токоюнун бактарынын көлөкөсүнө жашынса болот. Бир нече жыл мурун ал реконструкцияланган жана көрктөндүрүлгөн. Учурда шаардыктардын сүйүктүү эс алуу жайына айланган. Токойдо бак-дарактардын жана бадалдардын 50дөн ашык түрү бар. Басымдуу түрү карагай болгондуктан карагай токою деп аталып калган. Бак-дарактардын көлөкөсүндө оюн-зоок, спорт аянтчалары бар. Май айында токойдун түндүк тарабы таштандылардан тазаланып, реконструкцияланган. Бул жерде жыгачтан жасалган отургучтар, урналар, көпүрөлөр орнотулган. Баары эко стилде.

6. Эмен паркы Бишкектин эң эски сейил багы болгонуна карабай көрчүлүктүн сүйүктүү жайларынын бирине айланган. 2010-жылы паркка улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган. Айланасында көптөгөн эстеликтер жана архитектуралык объекттер, ошондой эле ачык асман алдындагы скульптура музейи бар.

7. Ынтымак 2 сейил багынын эки кире бериши бар. Паркта улуттук ордо оюну үчүн аянтча, мүмкүнчүлүгү чектелген жана балдар үчүн инклюзивдик аянтча, фельдшердик-акушердик пункт бар. Парктын аймагында фонтан, көлмө жана суу жайгашкан. Сейил бактын жанында 105 унаа үчүн токтотуучу жай бар. Боз үй формасындагы сахнада 800 орундуу амфитеатр бар жан ал парктын жүрөгүнө айланды. Ал жерде кызыктуу оюн зооктор жана концерттер өтөрүлүп келет. Жайдын ысык аптабында сейил бактарда жакын адамдарыңыз менен жакшы мүнөттөрдү өткөрсөңүз болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

678