7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шахматчы Эдиса Бердибаева дүйнө чемпиону болду

308

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кечээ окуучу командалар арасындагы дүйнө чемпионатынын акыркы туру аяктап, жыйынтыгы чыкты.

Жыйынтыгында кыргызстандык шахматчы Эдиса Бердибаева Америкада өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү тактада 8 упайдын 8ин алып, 100 пайыз натыйжа көрсөткөн жалгыз шахматчы болду.

Мындай жыйынтыкка ошондой эле Казакстандын ФИДЕ мастери Ахилбай Имангали экинчи тактада жетишти. Экөө тең 250 шахматчынын ичинен 100 пайыз натыйжа көрсөткөн спортчулар болду.

Белгилей кетсек, Эдиса Бердибаева дүйнө чемпионатынын алдында Борбор Азия чемпионатына катышып, 17 жашка чейинки окуучу кыздар арасында рапид боюнча дүйнө чемпиону болгон Өзбекстандык Зилола Актамованы жеңип алган.

Бул жеңиш анын курама командадагы өнөгү Бегимай Жаныбековага турнирде биринчи орунду ээлөөгө жана кыздар арасында эл аралык чебер наамын алууга чоң жардам берген.

 

309