Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, шайлоонун алгачкы жыйынтыгын түз эфирден расмий жарыялады. Анда айтылган маалыматка ылайык, добуштарды автоматтык эсептөөгө 10 өлкөдөн 130 кибер чабуул катталган.
Ал эми, кечки 20:00гө карата АСУдан, алдын ала алынган маалыматка ылайык, партиялар төмөндөгүдөй натыйжага ээ болушкан.
Бишкек шаардык кеңешине 18 партия ат салышып, 6 партия босого баллдан жогору добуш чогулткан.
- Эмгек — 18,23 %
- Ишеним 12, 47 %
- Ата-Журт Кыргызсьан 14,11 %
- Ынтымак — 10,81 %
- Социалдык демократия — 8,13 %
- Өнүгүү прогресс — 8,11 %
Ош шаардык кеңешине 9 партия катышып, 4 партия босого баллдан өттү.
- Ата-Журт Кыргызстан — 38,73 %
- Биздин Кыргызстан — 32,06 %
- Улуттар Биримдиги — 15,35 %
- Бир Бол — 8,57 %
Токмок шаардык кеңешине 6 партия катышкан болчу, бир гана Ата-Журт Кыргызстан партиясы босого баллдан өтпөй калды.
- Эмгек -24, 82 %
- Бирге- 28, 27 %
- Асыл мурас жаштар — 16,66 %
- Патриоттор ынтымагы — 13,69 %
- Эл биримдиги — 12,13 %
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына ылайык, бюллетендер 24-июлга чейин колго эсептелип, так саны айтылышы керек.