7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлдабекова: Референдумга 36,43 пайыз шайлоочу добуш берди

627

Референдумга 36,43 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Референдумга 1 миллион 314 миң 511 шайлоочу добуш берген. Анын 79.22 пайызы «макул» деп, 13.67 «каршы» деп добуш берди.

«Бишкекте 129 942, Ош шаарында 66 779, Жалал-Абад облусунда 263 056, Ысык-Көл облусунданда 113 098, Нарын облусунда 86 033, Ош облусунда 282 018, Талас облусунда 68 985, Чүй облусунда 196 418, Баткен облусунда 108 182 шайлоочу добуш берген», — дейт ал.

Шайлдабекова бул алдын ала жыйынтыктар болгондуктар, көрсөткүчтөр улам өзгөрүп турарын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

628