Референдумга 36,43 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Референдумга 1 миллион 314 миң 511 шайлоочу добуш берген. Анын 79.22 пайызы «макул» деп, 13.67 «каршы» деп добуш берди.
«Бишкекте 129 942, Ош шаарында 66 779, Жалал-Абад облусунда 263 056, Ысык-Көл облусунданда 113 098, Нарын облусунда 86 033, Ош облусунда 282 018, Талас облусунда 68 985, Чүй облусунда 196 418, Баткен облусунда 108 182 шайлоочу добуш берген», — дейт ал.
Шайлдабекова бул алдын ала жыйынтыктар болгондуктар, көрсөткүчтөр улам өзгөрүп турарын кошумчалады.