7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоо эрежелерин бузган 73 факты катталды

387

Бүгүн, 11-ноябрда парламенттик шайлоого үгүт иштери башталгандан тарта шайлоо жол-жобосун бузган 73 факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын ичинен 19 факты КРдин Жазык кодексинин 192-беренесинде “Шайлоочуларды сатып алуу”, 182-беренесинде “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” жана 200-беренесинде “Уурдоо” көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 17 факты Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренесинде “Майда бейбаштык”, 87-1-беренесинде “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу”, 94-беренесинде “Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу” жана 90-беренесинде “Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” каралган жоруктардын белгилери менен катталган.

Мындан тышкары, ИИОнун маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 37 материал катталган, анын ичинен 20 номенклатуралык иш көктөмүнө тиркелген, 7 аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 7 сотко чейинки өндүрүш ишине коштурулган, дагы 3 материал каралууда.

Шайлоого даярданууда жана өткөрүүдө административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары Ош шаарында жана Ош облусунда катталган, ал эми Жалал-Абад жана Чүй облустарында ушул сыяктуу фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Аны менен катар, шайлоочуларды сатып алуу фактысы менен Чүй, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, месенджерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына — 102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранат.

Ички иштер министрлиги саясий маселелерге катышпайт, бардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кылат, кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейт, бирок укуктук тартиптин бузулушу боюнча фактылар орун ала турган болсо анда ал фактылар катталып, мыйзам чегинде коомдук тартипти бузгандарга чара көрөт.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

388