7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоо тартибин бузган 5 талапкерге эскертүү берилип, 3 талапкер шайлоодон четтетилди

134

Добуш сатып алууга аракеттенген 3 талапкер шайлоодон четтетилди. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Алтынбек Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун мүчөлөрү ар бир округда толук кандуу иш алып барууда.

“Акыркы сааттарда ар кандай даражадагы 220 маалымат келип түштү. Алардын 114ү – үгүт иштеринин шарттарын бузуу, 7си – талапкерлердин ар-намысына шек келтирүү, 18и – административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу, 22си — шайлоочуларды сатып алууга аракет жасоо боюнча катталды. Ошондой эле башка дагы укук бузуулар боюнча 9 факты катталган.

Андан сырткары, Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун ватсап номерине 20 билдирүү келип түшкөн.

Ошондой эле 5 талапкерге эскертүү берилип, добуш сатып алуу боюнча фактылар катталып, анын негизинде 3 талапкер шайлоого катышуудан четтетилди. Андыктан, талапкерлерди мыйзамдарды так сактоого чакырабыз”,-деди ал.

135