7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоочуларга жашап жаткан жеринен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү

26

Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды реалдуу убакыт режиминде онлайн-идентификациялоо системасын ишке киргизүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, бул система жарандарга учурда жашап жаткан жеринен добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Добуш берүүчү шайлоо бюллетени анын каттоо дареги аркылуу тастыкталган шайлоо округу боюнча басылып чыгарылат.

Азыркы учурда БШК идентификациялоо системасын, шайлоо жабдууларынын бардык түрлөрүн жана башка маалыматтык ресурстарды модернизациялоону улантып жатат. Бардык иштер шайлоо процессинде колдонулуучу системалар менен жабдуулардын коопсуздугун, бүтүндүгүн жана сакталуусун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Ошондой эле маалыматтык системалардын киберкоопсуздугуна да өзгөчө көңүл бурулууда.

БШКнын системдик администраторлору шайлоочулар тууралуу маалыматтарды, шайлоо участкаларынын чек аралары боюнча картографиялык маалыматтарды жаңылап, тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларындагы компьютердик жана перифериялык жабдуулардын сакталышын камсыздоодо.

Белгиленгендей, август айында жана сентябрь айынын башында БШК онлайн-идентификация системасын жана жаңы шайлоо жабдууларын тестирлөө жана аларды колдонууга окутуу боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү.

Бишкек жана Чүй облусунда 200 участкалык шайлоо комиссиясынын катышуусунда өткөрүлгөн тестирлөөдө 4 687 адам онлайн-идентификациядан ийгиликтүү өттү.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык системалар, шайлоо жабдуулары жана башка техникалык каражаттар толук текшерүүдөн

27