28-ноябрдагы шайлоодо добуш берүү үчүн колдонулган бюллетендердин 9,64%, тагырагы 116 246сы жараксыз деп табылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, БШК туура эмес белгиленген, таптакыр белги коюлбаган ж.б. бюллетендер эсептен чыгарылганын билдирди. Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.
Ошондой эле добуштардын жыйынтыгын чыгарууда онлайн системанын бузулуп, кайра оңдолушу жана жыйынтыктар өзгөрүп кеткенине байланыштуу айрым партиялар жыйынтыкты тааныбай, аны жокко чыгарууну талап кылышууда.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоого 21 партиядан миңден ашуун бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат келет.