7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоого карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү

581

Эртең, 9-апрелде жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

«Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» ИИМдин буйругу чыгарылды. Алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда шайлоо тилкелеринде милиция кызматкерлери бекитилди.

Шайлоо тилкелеринде 53 комиссия түзүлдү. 9-апрелге белгиленген 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 20-мартта башталып, 8-апрелде саат 08:00дө аяктайт. 8-апрелден баштап аталган жергиликтүү шайлоо кеңештери жайгашкан жерлерде райондук милиция бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

582