Журналист Шайырбек Абдырахман маданиятсыз сүйлөп, ар кимди сынга алган блогерлерди сынга алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Бологермин деп ар жери барып бир сүзүп, ар кимге тийишип, айрым учурда мамлекеттик кызматкерлерге иш маалында барып жумушунан алагды кылуу бул блогерлик эмей эле бейбаштык болуп бараткан жокпу? Мисалы баягында Чипо дейби де Чыпалакпы айтор бир жигит бар. Бирдеме жазса бир сүйлөмүнүн жарымынан көбү ката. Мына ошол жигит жүрөт асфальт жолдорду текшерип. Ким ал? Анын бирдеме жөнүндө билим силими барбы өзү? Кантип, эмне деп текшерет? Анан да иштеп жаткан жумушчуларга тоскоол кылып, унаасын токтотуп бирдемелерди чалдырап сурап жүрөт. Бул бейбаштык эмей эмне? Мына дагы бир блогер бүгүн пара алууга шектелип кармалганын көрдүк. Кечинде болсо дагы бир блогермин деген президентти ашатып сөгүп жатат. Эмнеге сөгүүдө, эмне болуп кетти түшүнсөм өлөйүн. Коомубуздагы кемчилик артыкчылыктар жөнүндө так маалыматтар менен, фактыларды коюп, сабаттуу бир эфир жасаса дагы мейли. Андай мыктыларды бүтүндөй журт колдоого деле алып жатпайбы. Ал турмак өткөндө бир жаран бүгүнкү пара алууга шектелип кармалган блогерге автоунаа белектеп жаткан. Анын кебетеси эми бул… Коомго пайдасы тийген ар бир жаранды эл колдойт. Бирок блогермин деп көрүнгөн жерге барып, ар кимдин тынчын алып, оройлонуп, суроосун да маданиятсыз копол берип, ар кимди сөгүп, кемсинтип, эшигин тээп кирип, адамдын жеке жашоосуна аралашып, анан калса ТикТок, инстаграм сыяктуу соцтармактардан чыгып алып уят сөздөрдү сүйлөп, адепсиздигин көрсөткөн тартипсиздерге тыюу салынбаса болбой калды! Бейбаштык, ээнбаштык менен блогер же активистин айырмасы болушу керек го дейм!»- дейт Абдырахман.