7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакиев: «Парламентте баары көз каранды, сырттан башкарылат» деген сөздөрдү четке кагам

583

Бүгүн, 7-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан айрым сөздөргө токтолуп, алардын катарында орундуу да, орунсуз да айтылган сындар бар экенин белгиледи.

“Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 3-сессиясыбызды баштадык. Биз шайланып келгенден бери өз милдеттерибизди так, даана жана ачык аткарып келе жатабыз. “Парламентте көп түрдүүлүк жок, депутаттар көз каранды, сырттан башкарылат, курч пикирлер айтылбайт” — деген сындардын баарын четке кагам. Анткени, депутаттар борбордук трибунада дагы, өз ордуларында дагы каалаган сөздөрүн айтып, каалагандай сүйлөп жатат. Эч кимге чектөө жок”, – деди төрага Нурланбек Шакиев.

Муну менен катар президент, Министрлер кабинетинин төрагасы баштаган бийлик жетекчилерине парламентте сын  айтылбайт деген пикирге да кошулбай тургандыгын белгилеген Нурланбек Шакиев: “Алар кетирген кемчиликтерди мен да, депутаттар да байма-бай айтып келебиз. Айрымдарын элге көрсөтүп, микрофон аркылуу жарыя кылбасак да, жолугуп, сын-пикирибизди, кеп-кеңешибизди билдирип жүрөбүз”, – деп кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

584