7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакиев ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды

527

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды.

Жолугушууда уюмдун алкагында бир тууган өлкөлөр ортосундагы маданий алаканы арттыруу маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач Султан Раевди ТҮРКСОЙго Башкы катчы болуп шайланышы менен куттуктап, “Сиздин бай тажрыйбаңыз жана түрк дүйнөсүндөгү кадыр-баркыңыз боордош мамлекеттердин маданий байланышын чыңдоого өбөлгө түзүп, уюмдун иши жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө терең ишенем”, – деди.

Муну менен катар Кыргызстан түрк тилдүү өлкөлөрдүн өнөктөштүгүн өөрчүтүү максатын көздөгөн бардык уюмдарды колдоорун белгилеп: “Айрыкча маданий өзгөчөлүктөрүбүз боордоштугубуздун негизги көрсөткүчү. Андыктан, кылымдардан келе жаткан көөнө каада-салтыбызды, руханий баалуулуктарыбызды бир тууган өлкөлөр арасында жайылтып, дүйнөлүк деңгээлде таанытуубуз кажет. Мында ТҮРКСОЙдун ролу өзгөчө” ,– деп кошумчалады.

Андан тышкары, кыргыз элинин белгилүү акын жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилине которуу менен жалпы түрк окурмандарына жайылтып жатканы үчүн уюмга ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Башкы катчы Султан Раев жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылыгын айтып, өзү жетеген Эл аралык Түрк маданияты уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берди.

“Түрк дүйнөсүнүн алкагында түзүлгөн уюмдардын алгачкысы жана бардык түрк мамлекеттери мүчө экендиги менен өзгөчөлөнгөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюму кийинки жылы 30 жылдыгын белгилейт. Бул жылдар аралыгында тили, дили окшош элдердин маданий байланышын арттырган алтын көпүрө катары жигердүү кызмат кылып келди. Ири иш-чаралар өткөрүлүп, уюм алкагында бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылды”, – деди Султан Раев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

528