Жаңы жылга карата айдоочулар жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алууга жол берилбейт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан Автобекеттерге барып, Бишкек-Ысык-Көл, Бишкек-Нарын, Бишкек-Талас жана башка алыскы аймактарга каттаган такси жана коомдук транспорттордун айдоочуларына жаңы жылга карата жол кире акысын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча түшүндүрүү жана текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле унаа каражаттарынын техникалык абалы текшерилип, каттамга чыгуу учурунда маршруттук унааларды каттаган журналдардын болуусу, бир күн ичинде эки жолу каттамга чыкпоосу керек экендиги эскертилди.