Кыргыз тилин сактап калбасак, жоготуп алабыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.
«Айылда наристелердин тили орусча чыгып жатат. Баары интернеттен мультфильм көрүп жатышат. Кыргыз тили жоголуп бара жатат. Өкмөткө тапшырма, бардык мультфильмдерди кыргызчалаш керек… Аттарыбыз башка тилде болуп кетти», — деди ал.