Нарын ШИИБдин кызматкерлери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-мартта милицияга З.К. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда, 9-мартта Нарын шаарындагы оюн-зоок мекемелеринин биринде аны белгисиз адамдар эч себепсиз эле кемсинтип, сөгүп, бөтөлкө менен уруп, ден соолугуна зыян келтирүүгө аракет кылышкан.
Жабырлануучу 102 кызматына телефон чалган, бирок келген милиция кызматкерлери шалаакылык мамиле кылып, эч кандай мыйзамдуу чараларды көрбөй окуя болгон жерден кетип калышкан.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.
Мекеменин көзөмөл камераларынан алынган видеоматериалдарга караганда, милиция кызматкерлери арыз ээсинин жүйөлөрүнө чындап эле тийиштүү аракет кылбаганы, андан тышкары кылмыш чөйрөсүнө жакын адамдардын аны шылдыңдап, кол салуусуна жол берип, муну менен анын укуктары бузганын көрсөтүп турат.