7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шашылыш билдирүү. Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт

685

13-15-мартта туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы, 14-мартта күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын абдан катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-16-мартта абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу,

15-17-мартта Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

686