7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Төрөбаев: Жанар Акаевдин буга чейин ким болгонун гана ачык айтып койдум

503

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жанар Акаев менен Бакыт Төрөбаевдин кайым айтышуусу бардык социалдык тармактарда тарап, кызуу талкуу жараткан. Дал ушул талкуунун алкагында «7-каналдын» «7 суроо» берүүсүнө Бакыт Төрөбаев келип, алгачкы эле Жанар Акаев менен болгон кайым айтышуусу боюнча ачык айтты.

«Эми ал журналист адам. Мен бир дагы президенттин учурунда президенттик апаратта пресс-катчы болуп иштеген жокмун, аппараттын жетекчиси болуп ишетеген жокмун. Болгону министр болдум, 3 ай. 2010-жылы жаш жигит министр болуп келгенде, апрелде мени кетиришкен. Ошондон бери мен бир дагы президенттин министри, же өкмөттүн башчысы, же губернаторлукту же башка кызматта болгон эмесмин. Ага караганда мага спикер кызматты жана премьер-министрдин  биринчи орун басарлыкты сунушташкан. 2016-жылы бийлик 51/51 деп Канат Исаев экөөбүздү жыгылткан. Ошондо бул жерде кошоматтык кылган менби же Жанарбы? Өзү кошоматтын аркасынан депутат болду, анан өзүн билбей жүрүп кандай ким болгонун так жооп бере албай койду. Негизи баласына атасы баа берет. Моралдык укукту ал айта албайт. Баарынын моралдык укугу бар,  Жогорку Кеңештин депутаттары баары бирдей. Ошол үчүн кечээ ал өзүнүн деңгээлин, өзү кандай келгенин ачык айтып койдум «Ким элең жана ким болдуң?», — деп, болгону ошол», — деди ал.

 

504