7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Төрөбаев: Жанар Акаев өзү алган айлыгын актай алдыбы?

448

«Жанар Акаев өзү алган айлыгын актай алдыбы?», — деген бүдөмүк суроону бүгүн Бакыт Төрөбаев «7-каналдын» туз эфирде көрсөтүлгөн «7 суроо» берүүсүндө ортого салды.

Анын айтымында, Жанар Акаев саясатчылардын кыйратуучу тобуна кирет.

«2016-жылы Атамбаев Конституцияны өзгөртүп жатканда биз каршы чыкканбыз. Жанар ошондо макулдугун берген. Эмне үчүн? Булар негизи жаратман адамдар эмес, булар кыйратуучу, жок кылуучу системадагы адамдар. Мына 30 жылдан бери эмне болдук? Бүгүнкү күндө бийликтин иши эмне болуп жатат? 10 жыл иштедик ушулар жазган Конституциянын негизинде. 80 пайыз добуш берген элди тоготпой ушундай кыянаттык мамиле кылып жатышат. Бул биздин Нарында, Чаткалда жашап жаткан элибиздин добушун сыйлайлы, эл «Биз бул парламенттик башкаруудан тажадык, президенттик башкарууга өтөлү» деп добуштарын берип жатышат. Саясатчылар экиге бөлүнөт: жаратмандар жана кыйратуучулар болуп. Жанар Акаев өзү эмне кылыптыр, алып жаткан айлыгын актай алдыбы? Өзү бир Кыргызстанга салык төлөдүбү, же бир мекеме ачтыбы? же бир айылга барып таза суу чыгарып бердиби? Мына ушул суроолорду өзүнө бериш керек да. Азчылык көпчүлүккө баш ийүүсү керек», — дейт ал.

Ал эми журналисттин «Сиз саясатчылар экиге бөлүнөт деп айтып кеттиңиз. Өзүңүз кайсынысына киресиз?», — деген суроосуна, «Мен жаратман саясатчыга кирем», — деп жооп берди.

449