7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шашылыш билдирүү: Өлкөдө 1-4-октябрда күнү-түнү жаан жаап, үшүк жүрөт

967
Шашылыш билдирүү: Өлкөдө 1-4-октябрда күнү-түнү жаан жаап, карга айланат. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык: 2021-жылдын 1-4-октябрларында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-3 октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт, абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө 5…10°, Талас өрөөнүндө 4…9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9° жылуу болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
3-5-октябрларда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

968