7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу райондоруна кар көчкү түшүшү күтүлөт

246
Өлкөнүн тоолуу райондоруна кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-ноябрдан 7-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү болушу мүмкүн.
ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет!
— Унааңыздын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырыңыз;
— Алыскы жолго чыксаңыз, дары-дармек, суу, тамак-аш, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын унутпаңыз;
— Унаалардын ортосундагы аралыкты (500 метрге чейин) сактаңыз;
— Зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыкпай туруңуз;
— Кырсык болгондо күнү-түнү иштөөчү 112 номерине чалыңыз (чалуу акысыз).
247