7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кийим үлгүсүнө сынак жарыяланды

234

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуучулар үчүн параддык кийим үлгүсүнө сынак жарыяланды. Бул тууралу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакты Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы өткөрөт.

Сынак параддык кийимдин улуттук өң-түстөргө айкалышын, көчмөндөр оюндарынын символикасын жана рухун чагылдырган, заманбап талаптарга жооп берген, ыңгайлуу жана көркөм, оригиналдуу дизайнын аныктоо максатын көздөйт.

Сынакка дизайнер, модельер, костюм боюнча сүрөтчүлөр, ошондой эле автордук иштеп чыгуулары бар чыгармачыл жамааттар катыша алат.

Талаптар:

— Дизайнда параддык форманын толук топтому камтылышы керек: баш кийим, үстүнкү кийим, шым (эркектер үчүн) жана көйнөк (аялдар үчүн);

— Кийим улуттук стилде жасалып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын фирмалык символикасынын элементтерин камтышы зарыл;

— Материалдар негизинен табигый (пахта, жүн, зыгыр, жибек), кийүүгө ыңгайлуу жана коопсуз болушу шарт;

— Бардык берилген эмгектер бир комплектке материалдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө менен коштолушу керек.

Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөр 17-ноябрга чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөр сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат:

I орун – 150 миң сом;

II орун – 100 миң сом;

III орун – 80 миң сом.

Эң мыкты эмгектер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы расмий иш-чараларда колдонууга сунушталышы мүмкүн.

Тандалып алынган эмгектердин автордук укугу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына өтөт.

235