Учурда жаап өткөн карга, жаан-чачынга байланыштуу 12-январдан 14-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусуна, 198-265 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына, Суусамыр –Талас – Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында жайгашкан Өтмөк ашуусу, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
ӨКМдин маалыматына ылайык, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Алыска жолго чыгууда дарылардын топтомун, ысык суу, жол азыгын, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпаңыз. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталуусу зарыл.