7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Шаттл яндекс таксиси» коомдук транспорттордун токтоочу пунктарга кирүүсүнө тоскоол болуп жатканы аныкталды

576

Бишкекте коомдук транспорттордун иши текшерилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыймыл аралыгы жана коомдук транспорттун иштөө графиги, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери текшерилип, пландык чыгуунун сакталбагандыгы, кыймыл аралыгынын аткарылбагандыгы, ошондой эле линиядан чыгуунун негизсиз фактылары тастыкталды.

Мындан тышкары, «Шаттл Яндекс Такси» маршруттук таксиси, ошондой эле жеке таксилери коомдук транспорттордун токтоочу пунктарга кирүүсүнө тоскоол болуп жатканы аныкталды.

Транспорт департаменти тарабынан эреже бузган айдоочуларга тартиптик чаралар көрүлүп, мыйзам бузууларды тез арада жоюу боюнча ташуучу-фирмаларга тиешелүү эскертүүлөр берилет.

Ошондой эле, жетекчилерге кыймылдуу курамдын техникалык абалын, ошондой эле айдоочулардын иш графигин тынымсыз текшерип туруу милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, транспорт департаменти тарабынан коомдук транспорт айдоочуларынын эреже бузууларына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бузуулар атайын маалымат базасында жазылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

577