7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

258

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент  Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 

“Сизге эң жакшы каалоолорумду билдирип, бүткүл мусулман дүйнөсү өзгөчө кубаныч жана чоң салтанат менен тосуп алган, ырайымдуулуктун, жакшылыктын жана берешендиктин майрамы катары эсептелген Курман айт менен чын жүрөктөн куттуктайм. Терең канааттануу менен белгилей кетким келет, акыркы жылдары биздин бекем саясий эркибиздин аркасында кылымдарды карыткан тарыхы бар элдерибиздин ортосундагы достук жана коңшулаштык мамилелери сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Өз ара ишенимге, сый-урматка, бири-бирибизди ар тараптан колдоого, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кеңири масштабдуу жана узак мөөнөттүү алакаларыбыз мындан ары да ырааттуу жана жемиштүү өнүгөт деп ишенем”, — деп айтылат телеграммада.

259