7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шавкат Мирзиёев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышпайт

899

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапары жылдырылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, чечим Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кабыл алынды. Өзбекстандын президентинин сапарынын мөөнөтү гана жылдырылды. Визит 2022-жылдын аягына чейин ЖЕЭК жыйынынан өзүнчө өтөт.

“Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктоочу жыйынына Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-декабрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери маалымдалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

900