7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шектүү кармоого катышкан милиция кызматкерлерине каршы арыз жазды. Иликтөө жүргүзүлүүдө

2

Кармоого катышкан милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 9-апрелинде милицияга А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Э уулу Э. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Аныкталгандай, 2026-жылдын 31-мартында Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө белгисиз жаран арыздануучунун ишеничине кирип, баасы 65 000 сомду түзгөн «MacBook Air M2» үлгүсүндөгү ноутбугун ээлеп алган. Акча каражатын үч сааттын ичинде кайтарып берем деген шылтоо менен шектүү белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган Э уулу Э. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Ага айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары электрондук байкоо жүргүзүү тандалып алынган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э уулу Э. аттуу жаран милиция кызматкерлерине карата арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча кызматтык текшерүү башталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык катышуучулардын аракеттерине укуктук баа берилет.

Текшерүүнүн жыйынтыгы кошумча билдирилет.

3