7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шектүүлөр ишкерден «200 миң сом» акча каражатын опузалап алып жаткан жеринен кармалды

672

Ишкерден акча каражатын опузалап талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өздөрүн кылмыштуу топтордун биринин өкүлдөрүбүз деп тааныштырган белгисиз адамдар, Аламүдүн районунун тургунуна психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен коркутуп, 50 миң доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып жүрүшкөнү аныкталган.

Кол салгандар үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден-соолугуна, ошондой эле ишкердин бизнестеги ишмердүүлүгүнө зыян келтире тургандарын айтып, аны коркутуп келишкен.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында ишкерден опузалап акча талап кылып жаткан шектүүлөр 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Алар, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1973-жылы туулган М.Б. жана 1981-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган. Кармалгандардын бирөөсү мурда сот жообуна тартылган.

Учурда бул факты боюнча иликтөөнү Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы жүргүзүп, кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

673