14-март күнү Балыкчы-Чолпон–Ата-Каракол автожолунан 25-метр аралыкта белгисиз адамдын сөөгү табылган.
- Текшерүү учурунда, 30-35 жаш курактагы азия улутундагы эркек киши колдуу болуп каза болгон.
Ысык-Көл ОИИБден билдиришкендей, аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Тамчы айылындагы курулушта убактылуу иштеген Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну экендиги аныкталган.
- Шектүүлөр Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын тургундары 27 жаштагы И.Б., 28 жаштагы К.Ж., 24 жаштагы Ж.А. жана 28 жаштагы К.К. аттуу жарандар болуп чыгышкан. Алар күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышты.
Алардын айтымында, жабырлануучу менен жеке пикир келишпестик болуп, аны автоунаа менен Өрнөк айылына алып чыгып, ал жерден сабап өлтүрүшкөн.
- Шектүүлөр райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.