Бүгүн, 17-сентябрда Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен кайрадан күч сынашты.
Грассо менен таймаш беш раундда өтүп, жыйынтыгында калыстар спортчулардын тең чыгышканын жарыялады. Бир калыс Валентинага, экинчи калыс Грассого, үчүнчү калыс тең болду деген чечим чыгарган.
Мунун негизинде чемпиондук титул кайрадан мексикалык Алекса Грассодо калды.
Белгилей кетсек, Шевченко март айында ажырап калган чемпиондук титулун кайтарып алуу үчүн реваншка чыккан.