7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Шилтемени басып Садыр Жапаровдон 20,000 сом ал” делген маалымат жалган

127

“Шилтемени бассаң Садыр Жапаров 20,000 сом белек берип жатат делген маалымат жалган”, — дейт Аскат Алагөзов өзүнүн фейсбук баракчасында.

Буга чейин WhatsApp тиркемесинде вирустук билдирүү тарап, анда шилтемени басса 20,000 сом түшөөрү жазылган.

“Урматтуу достор! Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде Президент Садыр Жапаровдун атынан жүргүзүлүп жатат делип, акчалай төлөмдөр убада кылынган сурамжылоолор тууралуу жалган маалыматтар жана шилтемелер таратылууда. Расмий түрдө билдиребиз, Мамлекет башчысы эч качан мындай билдирүүлөрдү жайылтпайт жана шектүү интернет-акциялар аркылуу акча таратпайт. Бул кадимкиле алдамчылык. Бардык жарандарды өтө сак болууга чакырабыз: белгисиз шилтемелерди ачпаңыздар, алдамчыларга жеке маалыматтарды, банк карталарынын же телефондордун номерлерин бербеңиздер жана мамлекеттин атынан берилет делген жалган төлөмдөргө ишенбеңиздер. Сураныч, бул алдоо схемасы жөнүндө туугандарыңыздарга жана досторуңуздарга эскертиңиздер. Расмий билдирүүлөргө гана ишениңиздер! P.S. Бул факт боюнча укук коргоо органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат”, — дейт ал.

128