7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек – Ош жана Бишкек – Манас багытындагы авиабилеттер эмнеге арзандабайт?

314

Кечээ президент Садыр Жапаров ички авиакаттамдарды субсидиялоо тууралуу тапшырма берген. Бирок бул чара Талас, Нарын, Кербен, Казарман, Баткен, Раззаков жана Каракол багыттарына гана тиешелүү.

“Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын маалыматына ылайык, Ош жана Манас багыттары ички рыноктогу суроо-талап эң жогору каттамдардын катарына кирет.

Мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы азырынча бул багыттардагы каттамдарды толук кандуу тейлөөгө жетишпейт.

Аталган багыттарда башка жеке компаниялар да иштегендиктен атаандаштыкты сактоо зарыл экени белгиленди.

Бир авиакомпаниянын бааны төмөндөтүшү жалпы рынокко таасир этет жана башка ташуучуларды адилетсиз абалга кептеп, мындай шартта иштөө аларга кирешелүү болбой калары айтылды.

315