Куралдуу кагылышууларга чейин жеткен глобалдык геосаясий чыңалууга карабастан, Шанхай кызматташтык уюму туруктуулугун сактап келет. Ушундай кырдаалда дүйнөнүн башка аймактарында экономикалык олку-солкулук болуп жатса, ШКУ аймагында орточо өсүш темпи сакталып, туруктуу аймак катары өзгөчөлөнүүдө. Уюм жаңы соода каттамдарын ачып, өз ара пайдалуу байланыштарды чыңдап, Евразияда логистиканы өнүктүрүүдө. Ыңгайлуу жол түйүндөрү жана логистикалык борборлору бар транспорттук коридорлор континенттин каалаган бурчуна ири көлөмдөгү жүктөрдү тез жана арзан жеткирүүгө мүмкүндүк берген бекем пайдубалды түзүүдө.
ШКУ мейкиндиги энергетикалык жана башка жаратылыш ресурстары менен жетиштүү деңгээлде камсыздалган, заманбап өнөр жайды өнүктүрүү үчүн технологияларга ээ жана азык-түлүк коопсуздугун толук камсыздоого кудуреттүү. Уюмдагы соода мамилелери кошумча нарк чынжырчасын бөлүштүрүү менен өз ара пайдалуу жаңы эрежелердин негизинде курулууда. Башкача айтканда, экономикалык жактан алдыга кеткен өлкөлөр артта калгандарды өйдө тартып, ШКУ аймагынын адилеттүү жана бирдей өнүгүүсүнө шарт түзүлүүдө.
“Бул жылы Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан төрагалык кылууда. Эскирип бараткан эрежелер көп уюлдуу дүйнө менен алмашып жаткан шартта, Бишкек глобалдык саясий процесстердин чордонуна айланууда”, – деп белгилейт мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов.

Ал күбө болуп жаткан окуялардын, өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы тирешүүлөрдүн негизинде ШКУ бүтүндөй Евразия чөлкөмүндө, анын ичинде Борбор Азияда маанилүү турукташтыруучу ролду ойноп жатат деп эсептейт.
“Бул татаал мезгилдеги биздин төрагалыгыбыз абдан жоопкерчиликтүү учур, ошол эле маалда бул жигердүү саясат жүргүзүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, эл аралык майдандагы ар кандай пикир келишпестиктерди дипломатиялык жол менен гана жөнгө салууну жактаган жана конструктивдүү, өз ара пайдалуу кызматташууга багытталган өлкө.
Көп уюлдуу дүйнөнүн калыптанышы бул буга чейинки объективдүү чындык, ошондуктан бул процесстерде Кыргызстандын ролу, ошондой эле ушул күздө Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын алдыдагы саммити чоң мааниге ээ. Шанхай кызматташтык уюму — бул туруктуулуктун жана биргелешкен экономикалык өнүгүүнүн маанилүү фактору, биз, биринчи кезекте, ушул нерсени негиз кылып алышыбыз керек”, — деп жыйынтыктайт Аликбек Жекшенкулов.
Төрагалыктын артыкчылыктарын талдоого жана эксперттик баалоолорго караганда, ШКУнун туруктуулугу жана экономикалык бекемдиги системалуу мүнөзгө ээ жана чындыгында маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат деп ишенимдүү айтууга болот. Олку-солку мезгилиндеги туруктуулук бул, анын ичинде уюмдагы өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугунун көрсөткүчү, башкаруу механизмдерин синхрондоштуруунун жана алардын өзгөрүп жаткан кырдаалга карата реакциясынын натыйжасы.
Ж. Баласагын атындагы КУУнун алдындагы ШКУ илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Улугбек Ерешеев аталган уюм күтүүсүз тышкы соккулар менен күрөшүүнү үйрөнгөнүнө жана бул жөн гана жооп кайтаруунун бир жолку куралдары эмес, ШКУнун ишмердүүлүк аймагындагы кризистерден коргоонун толук кандуу системасы экенине көңүл бурат. Мындан тышкары, бул механизмдер учурда, анын ичинде биздин өлкөнүн демилгеси менен өркүндөтүлүп жатат.

“Бишкек коопсуздуктун жана өнүгүүнүн архитектурасын чыңдоо үчүн зарыл болгон конкреттүү кадамдарды сунуштоодо. Биринчиси — Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү; экинчиси — аймакты турукташтыруу үчүн «ШКУ — Афганистан» контакттык тобунун ишин жандандыруу. Экономикалык туруктуулук — глобалдык тынчтыкка баруучу жол. Санкциялык согуштар жана глобалдык жеткирүү чынжырлары үзгүлтүккө учураган шартта ШКУ өлкөлөрү ички кызматташтыкка басым жасашууда. Бул туруксуз тышкы рыноктордон көз карандылыкты минималдаштырат.
Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө өлкөлөр дүйнө калкынын болжол менен 47 пайызын жана дүйнөлүк ИДПнын 30 пайызын түзөт. Бул уюмду өзүн-өзү камсыздоого кудуреттүү жана туруктуу өсүштү кармап турууга жөндөмдүү кылат.
Улуттук валюталар менен эсептешүүгө өтүү жана көз карандысыз финансылык инфраструктураны түзүү — негизги тенденциялардын бири. Бул алмашуу курстарынын туруксуздугу жана санкциялык басым менен байланышкан тобокелдиктерди азайтат.
Кыргызстан ШКУнун Өнүктүрүү банкы, Өнүктүрүү фонду жана Инвестициялык фонд сыяктуу жаңы финансылык институттарды өнүктүрүү менен активдүү алектенүүдө. Бул — калыптануу баскычында турган маанилүү долбоорлорго инвестициялардын келишин камсыз кыла турган механизмдер. Кошумчалай кетсем, Кыргызстандын төрагалыгы «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өнүгүү үчүн бирге» деген ураан астында өтүүдө. Азыркы учурда бул жөн гана кооз ураан эмес, жамааттык түрдө ишке ашырылып жаткан иш-аракеттердин программасы деп айта алабыз», — деди Ерешеев.
ШКУ күчтүн жана туруктуулуктун борбору гана эмес, башкаларды өзүнө тартуучу мейкиндикке айланууда. Уюмдун курамына 10 мүчө мамлекет кирет, дагы 20га жакын өлкө байкоочу жана диалог боюнча өнөктөш болуп саналат. Эксперттер белгилегендей, Евразиянын бул ири өз ара аракеттенүү мейкиндигине болгон кызыгуу тынымсыз өсүүдө. Бул тенденция күч алууда, анткени көбү ШКУдан эскирген дүйнөлүк тартипке акылга сыярлык жана адилеттүү альтернативаны көрүп жатышат.



