7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ШКУ саммити жыйынтыкталып, бир катар документтерге кол коюлду

15

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылар кеңешинин бүгүн, 1-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

— Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма беш жылдыгына арналган Бишкек декларациясы;

— 2002-жылдын 7-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдык борбору жөнүндөгү жобо;

— Шанхай кызматташтык уюмунун баңгизатка каршы борборунун аткаруу комитети жөнүндө жобо;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейин баңгизат көз карандылыгына каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүү программасы;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилде синтетикалык баңгизаттардын жана алардын прекурсорлорунун жайылышына каршы күрөшүүдөгү чараларын координациялоо боюнча программасы;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2026-2028-жылдарга эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү планы;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биотүрдүүлүктү сактоо жана туруктуу башкаруу боюнча демилгеси;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биотүрдүүлүктү сактоо жана туруктуу башкаруу боюнча 2026-2031-жылдарга биргелешкен иш-аракеттер планы;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Шанхай кызматташтык уюмунун “Жашыл технологиялык коридорун” түзүү (илимий-техникалык кызматташтык) боюнча 2026-2030-жылдарга кызматташтык программасы;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин портторду жана логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча 2026-2030-жылдарга иш-аракеттер планы (жол картасы);

— Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында маалыматтарды иштеп чыгуу региондук борборлорун, эсептөө кубаттуулуктарын түзүү жана жасалма интеллект индустриясын өнүктүрүү концепциясы;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен Африка союзунун комиссиясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу;

— Шанхай кызматташтык уюмунун ишин котормо менен камсыз кылуу жөнүндө;

— Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарын

2026-2027-жылдарга Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;

— “Шанхай кызматташтык уюмунун Ыктыярдуу элчиси” ардактуу наамы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечимдеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын 2025-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун иши жөнүндө баяндамасы;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмдүн кеңешинин 2025-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук террордукка каршы түзүмүнүн иши жөнүндө баяндамасы;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Ядролук жана физикалык ядролук коопсуздук үчүн көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча декларациясы;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин энергияны үнөмдөө жана энергия натыйжалуулугу жаатында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин энергетикалык системалар чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин үй-бүлө институтун колдоо жана бекемдөө жөнүндө билдирүүсү;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин өзгөчө кырдаалдардан жапа чеккен мамлекеттерге жардам көрсөтүү жөнүндө билдирүүсү.

Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

— 2010-жылдын 11-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө кызматташтык жөнүндө меморандумга;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы жасалма интеллект жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга;

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы маалыматтык чөйрөдө өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга.

16