7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Шоро» компаниясынын максымы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу болду

4

«Шоро» компаниясынын улуттук суусундугу болгон максым расмий түрдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу болуп жарыяланды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы билдирет.

Белгилүү болгондой, оюндар 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт.

Шоро компаниясы көп жылдан бери улуттук өндүрүштүн символу болуп келе жатат жана кыргыз элинин маданиятын, салттарын жана көчмөн жашоо образын чагылдырган негизги бренддердин бири болуп саналат. Андыктан, «Шоро» компаниясынын продукциясы, анын ичинде максым, Оюндардын философиясы менен толук шайкеш келип, муундан муунга өтүп келген тирүү салттын бир бөлүгү катары өзгөчө орунду ээлейт.

Өнөктөштүктүн алкагында «Шоро» компаниясы Оюндардын катышуучуларын, конокторун жана волонтёрлорун улуттук суусундуктар менен камсыз кылат, ошондой эле кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде жайылтууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 90дон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Бул оюндар спортту, маданиятты жана илимди бириктирген ири эл аралык аянтча болуп саналат.

 

5