7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Штефан Таркович башкы машыктыруучу кызматынан кетти 

318

Кыргыз футбол союзу улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен келишимди узарткан жок. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдирди.

КР улуттук курама командасы 2027-жылкы Азия кубогунун жана 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын экинчи тандоо баскычын жыйынтыктап, мөөнөттөн мурда Азия биринчилигине жолдомо алып, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына чыгуу үчүн күрөштү улантуу мүмкүнчүлүгүн камсыздады.

Мындай ийгилик футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу-словакиялык адис Штефан Таркович жетектеген футболчулардын аракеттеринин аркасында мүмкүн болду.

Кыска мөөнөттө (дээрлик 14 ай) Таркович команданы кабыл алып, анын алдына коюлган бардык максаттарды ийгиликтүү ишке ашыра алды. Курама команда европалык жогорку деңгээлдеги адис менен иштеп, пайдалуу тажрыйба ала алды.

Алдыда кийинки баскыч жана жаңы, татаал чакырыктар турат. Штефан Тарковичтин Кыргыз футбол биримдиги менен келишими 2024-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн. Ушуга байланыштуу кылдат ички кеңешмелерден натыйжасында КФС жетекчилиги, словакиялык адис менен контрактын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматташууну токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды. Башкы машыктыруучу менен бирге улуттук курама командадан анын машыктыруучулук штабы толугу менен кетти.

Бүгүн КФБ президенти Камчыбек Ташиев Штефан Таркович жетектеген машыктыруучулар штабынын бардык мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө биримдиктин жетекчиси кабыл алынган чечимди жеткирип, ошондой эле жеке өзүнүн жана өлкөнүн футбол коомчулугунун атынан, адистин натыйжалуу ишмердүүлүгү жана команданын жетишкендиктери үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

 

319