7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Штефан Таркович: Биздин команда үчүн оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок

483

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы «Ак шумкарлардын» Таиланд менен болгон алгачкы беттеши тууралуу комментарий берди.

Анын айтымына караганда, Таиланд улуттук курама менен бирдей деңгээлде ойногон курама.

«Биздин команда үчүн оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок. Таиланд биз менен бирдей деңгээлде ойногон курама экендигин билчүбүз. Бирок, командада дагы эле көптөгөн чечиле элек жана алардын үстүнөн иштей турчу маселелердин бар экендиги анык болду. Футбол — бул айып аянтчаларында кылдаттыкты талап кылган оюн. Биз борбордо жакшы оюн көргөздүк, бирок айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албадык, бүгүнкү жеңилүүнүн негизги себеби дал ушуда болду. Биз оюнду талдап, оюнчулар менен сүйлөшүүбүз керек. Атаандаштын жана өзүбүздүн айып аянтчаларыбызда туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек. Турнир биз үчүн али бүтө элек, алдыда 2 беттеш бар. Биз Сауд Арабиясы жана Оман менен оюндарда кез келебиз»,- деди Таркович.

Эске сала кетсек, 16-январда 2023-жылкы Азия Кубогунун «F» квартетиндеги тайпалык Таиланд-Кыргызстан оюну өттү.

Беттеш Катардагы «Абдулла бин Халифа» стадионунда болду. Оюн 2:0 эсебинде Таиланддын курамасынын пайдасына чечилди.

484