7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шурудай тизилген акчалар… 400 миң доллар опузалаган кылмыштуу топ кармалды

278

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын УКМК кабарлады.

Маалыматка караганда, «Ч.Б.» аттуу КР жаранына кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, андан 400 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алышкан. Алар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынган.

Бул факты боюнча «Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу» беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

24-июлда «С.А.» аттуу КР жараны кармалып, ага опузалап пара талап кылууга жана пара алууга катышкандыгы боюнча айып тагылган. Мындан тышкары, бул кылмышка УКМКнын мурдагы кызматкеринин катыштыгы аныкталып, ал 130 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда кармалган.

Айыпталуучуларга карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен баардык күнөөлүү адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.

279