7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шыкмаматов ишкерлерди көйгөйлөрдү активдүү көтөрүп чыгууга чакырды

146

“Бизнес менен мамлекет салык салууда алтын ортолукту жана тең салмактуулукту табышы керек”, — дейт Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-мартта Ош шаарынын ишкерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Джиенбеков, аймактык салык органдарынын жетекчилери, ишкерлер, экономика тармактарынын өкүлдөрү, ошондой эле бухгалтерлер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө салыктык мыйзам бузууларды аныктоонун заманбап куралдары, анын ичинде салыктык башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган «Салык күзөт» аналитикалык системасы тууралуу маалымат берилди.

Шыкмаматов ишкерлерди көйгөйлөрүн активдүү көтөрүп чыгууга жана консультациялык жардам алуу үчүн Салык кызматынын органдарына активдүү кайрылууга чакырды.

Эң башкысы тең салмактуулукту табуу, башкача айтканда, бизнес жүргүзүүгө ашыкча тоскоолдуктарды жаратпастан адилеттүү салык салууну камсыз кылуу экенин билдирди.

“Салык өз ара пайдалуулукка багытталышы керек: бир жагынан — бюджетке түшүүлөрдү камсыз кылуу, экинчи жагынан — салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Мындай ыкма мамлекет менен бизнес ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү аркылуу гана ишке ашат”, — деп түшүндүрдү Салык кызматынын башчысы.

147